Кара-Суу районунун Талдык айылында алты, үч жана бир жаштагы балдар иске ууланып чарчап калды. Үйдүн кожейкеси жана анын сегиз жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөн. Жүрөк ооруткан кейиштүү окуя 10-декабрда болгон.
Украина НАТОго кошулуу мүдөөсүнөн баш тартышы мүмкүн. Мындай сунушту Берлиндеги сүйлөшүүлөрдүн алдында президент Владимир Зеленский киргизди. Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф жекшемби күнкү жолугушууда олуттуу прогресс болгонун билдирди.
Газа тилкесинде Байрон бороону менен аралаш жааган нөшөрдөн улам качкындар лагерлериндеги чатырлар суу астында калды.
Караколдун тургуну майыптыгы бар кызынын зордукталышы боюнча сот ишине нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылды. Бул иш Каракол шаардык сотунда каралууда. Прокуратура шектүүгө 15 жыл сураган. Бирок кыздын апасы "бул ишке башкалардын дагы тиешеси болушу мүмкүн" деп жатат.
Кыргызстандын Конституциялык соту өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Кыргызстандын Конституциялык соту Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президенттин сунушун кароодо. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары өлкөдө өлүм жазасын кайтаруу эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин эскертүүдө.
Дүйнөдө аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканы БУУнун соңку баяндамасында айтылды. Анда өткөн жылы дүйнөдө 83 миң аял киши колдуу болгону, анын 60 пайызга чукулу жакындарынын колунан ажал тапканы көрсөтүлгөн. Өз үй, өлөң төшөгү кыз-келиндер үчүн эң кооптуу жай болуп калганы белгиленеген.
Туткундардын мекенине кайтарылганы, чөлкөмдөгү мамлекеттердин өтүнүч менен кайрылган учурлары тууралуу маалымат жок.
АКШнын чабармандары Украинадагы согушту жөнгө салуу максатында чөлмөк дипломатиясын улантууда. Майамиде Вашингтон менен Киевдин делегациялары тынчтык планын талкуулап бүткөнү тууралуу бейрасмий кабарлар чыкты.
Материалдар жана шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. 37 жаштагы милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат. Бул окуя укук тартибин коргоо кызматкерлеринин жүрүм-туруму боюнча талкуу жаратты.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Дагы жүктөңүз