Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу үчүн насыялык макулдашууга кол коюлду


Жалал-Абадда темир жол долбоорунун алкагында туннелдин курулушу.  29-апрель 2025-жыл
Жалал-Абадда темир жол долбоорунун алкагында туннелдин курулушу. 29-апрель 2025-жыл

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 16-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, документке “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытайдын Банктар синдикаты кол койду.

Өкмөт долбоордун баасы 4,7 млрд доллар деп бааланганын, Кытай 2,3 млрд доллардын тегерегинде каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылга насыя катары берип жатканын белгилейт.

“Бул насыяны Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми калган 2,3 млрд долларды үч мамлекет чогуу чыгарат, сумманын 51% Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстандын ар бири 24,5% чыгарат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 312 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Расмий маалыматка ылайык, темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткарат.


Шерине

XS
SM
MD
LG